Ден соолук

Бишкек мэриясы өспүрүмдөр арасында бокс боюнча мелдеш уюштурду

Бишкекте айтылуу спорт ишмери, СССРдин спорт чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, дене тарбия жана спорттун отличниги Адылкан Бекболотовдун жаркын элесине арналган спорттук иш-чара салтанаттуу ачылды. Аны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин колдоосу менен Аскар Бекболотов жетектеген Адылкан Бекболотов атындагы боксту өнүктүрүү фонду уюштурду. 

Мелдеш "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде 2010-2011-жылы туулган бокс сүйүүчүлөр арасында 30-майга чейин уланат. 

Иш-чарага спорт ишмерлери, ардагерлери, федерациялардын жетекчилери, белгилүү спортчулар, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана спорт сүйүүчүлөр катышты. Алар кыргызга эмгеги сиңген машыктыруучу Адылкан Бекболотовду эскерип, жасап кеткен иштерин даңазалашты. 

Ал эми кыргыз спортун өнүктүрүүгө салым кошкондор сыйланды.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү