Ден соолук
Кыргызстанда онкологиялык бейтаптар санариптик каттоого алынат – министр
Кыргызстанда онкологиялык оорулуулардын санариптик реестри түзүлөт. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова балдар онкологиясы темасына арналган тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө диагностикалык ыкмаларды өркүндөтүү, керебеттердин санын көбөйтүү жана техникалык базаны жакшыртуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.
"Мындан тышкары, дары-дармектерди ачык пландаштырууну жана бөлүштүрүүнү камсыздоо үчүн онкологиялык оорулуулардын санариптик реестри түзүлөт. Бирок тилекке каршы, бул аракеттер дайыма эле жетиштүү боло бербейт. Ошондуктан биз конкреттүү, сезилерлик иш-аракеттерди талкуулоо жана иштеп чыгуу үчүн бүгүнкү жолугушууну демилгеледик", - деди министр.