Ден соолук

Ош ОИИБи волейбол боюнча мелдеште жеңүүчү аталды

Ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште Ош ОИИБдин командасы 1-орунду ээледи. Экинчи орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командасы алса, 3-орунду Бишкек ШИИББнын командасы багындырды.

Достукту жана кызматкерлер ортосунда ынтымакты бекемдөө максатын көздөгөн иш-чара Баткен облусунда 2023-жылдын 16-17-август күндөрү кызмат учурунда каза болгон милициянын ага-сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналып уюштурулду.

Мелдеште катышкан кызматкерлердин жеңүүчүлөрүнө кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Чемпионаттык турнирге республика аймагындагы ички иштер органдарынын кызматкерлеринен жалпы болуп 11 команда катышкан.

Бул иш-чаранын уюштуруучусу Кыргыз дене-тарбия “Динамо” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары милициянын отставкадагы полковниги Төрөкул Мадалиевдин айтымында, мелдеште Ош облустук ички иштер башкармалыгынын командасы ынтымагы, уюшкандыгы жана биримдиги менен өзгөчөлөнүп, жеңишке ээ болушту.
Оюндун жыйынтыгы боюнча Ош ОИИБдин кызматкери милициянын майору Азамат Базарбаев “мыкты оюнчу” деп табылды.


 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү