Ден соолук

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү: тарыхы жана максаты

"Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө" карата "Келгиле, аткарабыз!" кыймылы 2008-жылы Эстонияда пайда болгон. Анда 50 миң активист өлкөнү 5 саатта 10 миң тонна таштандыдан тазалаган. Бул акция дүйнө жүзү боюнча экологиялык долбоорлордун жана жарандык демилгелердин башталышына түрткү болгон.

Биринчи дүйнөлүк тазалык күнү 2018 -жылдын 15-сентябрында уюштурулган. 2019-жылы планеталык ишембиликте 180 өлкөдөн 21,2 миллион катышуучу бириккен. 2020 -жылы глобалдык пандемия себеп болгон чектөөлөргө карабастан, глобалдык акцияга 11 миллион адам катышкан.

Кыргызстанда бул акция быйыл алтынчы ирет уюштурулат. Аны “Эко Деми” фондунун негиздөөчүсү жана президенти Айжан Чыныбаева командасы менен колго алып, кыска аралыкта ишембиликтин масштабын мамлекеттик деңгээлге жеткире алды. Иш-чарага өлкө башчылары, өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери, жеке сектордун өкүлдөрү жана ыктыярчылар тобу активдүү катышып келет.

Иш-чаранын максаты – экологиялык абалга, коомдук жайлардагы тазалыкты сактоого, жаратылышы ресурстарын аң-сезимдүү пайдаланууга, үнөмдөөчү технологияларды пайдаланууга жана таштандыны туура иштетүүгө көңүл бурдуруу.

"Эко Деми" коомдук фонду республиканын шаарларындагы жана аймактарындагы булганыч аймактардын виртуалдык картасын иштеп чыккан.

Ар бир каалаган адам акциянын катышуучусу боло алат, жарандар өз турак-жайларынын аймагын, парктарды жана эс алуу жайларын тазалоого катыша алат.

2019-жылы өткөрүлгөн ишембиликтин натыйжасында, Кыргызстан дүйнөлүк акциянын жыйынтыктары боюнча биринчи орунду ээлеген.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү