Ден соолук

Саламаттык сактоо министри Өкмөттүк акселератордун алкагындагы иштердин аткарылышы менен таанышты

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатыровага Бишкек шаарынын ҮМБсына болгон сапары учурунда Өкмөттүк акселераторлордун алкагында күбөлөндүрүүдөн өтүү, кайра күбөлөндүрүү, майыптык фактысын аныктоо процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча саламаттык сактоо системасы тарабынан жүргүзүлгөн иштер менен тааныштырылды.

Бул процедураны жөнөкөйлөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултуу, сактоо жана иштеп чыгуу үчүн санариптик чечим иштелип чыкты. Талап кылынган документтердин санын (11ден 2ге чейин) кыскартууга мүмкүн болду, ошондой эле бейтаптын түздөн-түз катышуусусуз МСЭК органдарына бейтап жөнүндө маалыматты жөнөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

"МСЭК органдарына андан ары жиберүү үчүн керектүү документтерди даярдоо жол-жобосу жөнөкөй, жеткиликтүү жана негиздүү болушу керек. Бюрократияны азайтууга, ошондой эле майыптыкты аныктоочу оорунун түрүнө ылайык келбеген изилдөөлөрдү дайындоого өзгөчө көңүл буруу зарыл", - деп белгиледи министр.

Бул санариптик чечимдердин жардамы менен жол-жоболор жөнөкөйлөтүлүп, жеткиликтүүлүгү артып жана мамлекеттик органдардын маалымат системаларында бар документтерди талап кылуу боюнча бюрократиялык чыгымдарды азайтуу болот деп күтүлүүдө.

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын 17-мартында "Өкмөттүк акселераторлор" программасын ишке киргизип, анын алкагында көйгөйдү чечип, коюлган максатка 100 күндүк мөөнөттө жетүү зарыл.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү