Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жеңүүчүлөрүн аныктады

Геологияны өнүктүрүү фонду геологдордун күнүнө карата уюштурган III республикалык “Геология - балдардын көз карашы менен” фотосынагынын жыйынтыгын чыгарды. Иш-чаранын максаты - геология жана геологдордун кесиптик иши жөнүндө түшүнүктү калыптандыруу жана кызыгууну арттыруу.

Фотосынакта катышуучулар үч номинация боюнча сыйланды:

  1. “Геология пейзажы” - Кыргызстандын геологиялык кереметтерин көрсөткөн сүрөттөр;
  2. “Кадрдагы геолог” - геологдордун, геофизиктердин, геодезисттердин, гидрогеологдордун жана башка профилдик адистердин портреттери, иштөө учурундагы маанайын билдирген учурлар;
  3. “Сыйкырдуу минерал” - минералдардын жана тектердин сулуулугун чагылдырган сүрөттөр. 

Биринчи номинацияда “Мираж” аталышындагы сүрөтү менен Ысык-Көл облусунан Даниэл Айтбеков 1-орунду ээледи. Ал эми 2-орунду Нарын облусунан Акбермет Муканбетова “Бийиктиктер” эмгеги менен утуп алды. 3-орунга “Величие вершин” эмгеги менен Арсен Мумузиев татыктуу деп табылды. 

“Кадрдагы геолог” номинациясында 1-орунду Баткен облусунан Нуртилек Усаров жеңди. 2-орунду Бишкектен Ким Карина, ал эми 3-орунду Нарын облусунан Жаныбек Жолдошбеков алды. 

“Сыйкырдуу минерал” номинациясында 1-орунду Бишкек шаарынан Анастасия Брагина; 2-орунду Баткен облусунан Нуртилек Усаров; 3-орунду Токмок шаарынан Лейла Шерипова утуп алды.  

Иш-чарада «Каматор Майнинг Групп», «Алтынкен», «Гео Консалт Групп», «Кен-Тоо» борбору жана «Талас Коппер Голд» ыраазычылык баракчалары менен сыйланды. 

Ыраазычылык баракчаларды жана сыйлыктарды геологияга эмгеги сиңген ардагер адистер жана Геологияны өнүктүрүү фондунун жетекчиси Мелис Сатыбеков тапшырды. 

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү