Бишкек мэриясы эски Ак-Кула ипподромунун жер тилкесин аукционго коет

Бишкек шаарынын мэриясы эски Ак-Кула ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар жер тилкесин аукционго коет. Мэриядан кабарлашкандай, тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды.

Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт тарабынан объекттин баштапкы баасы менен белгиленген 8 млрд 731 млн 917 миң сом өлчөмүндө баалоо жүргүзүлгөн.

Электрондук аукционго катышуу үчүн катышуучу жарыяланган сатуунун баштапкы суммасынан 10 пайыз өлчөмүндө кепилдик төлөмдү төлөшү керек. Аукциондун кадамынын өлчөмү лоттун баштапкы баасынын 20 пайызын түзөт.

Аукциондун жол-жобосу катышуучулар тарабынан баштапкы сатуу баасын “аукциондун кадамына” ылайык суммага ырааттуу жогорулатуу жолу менен жүргүзүлөт.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү