Жалал-Абадда аянты 22 гектар болгон заманбап базар курулат

Жалал-Абад шаарында 22 гектарды түзгөн заманбап базар курулат. Муниципалитеттен белгилешкендей, бул тууралуу күн мурун, 26-мартта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун муниципалдык базардын соодагерлери менен болгон жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Тактап айтканда, 22 гектар аянтты ээлеген учурдагы "Телтору" атмайданы базарга айландырылып, Жалал-Абад шаарындагы бардык базарлар бир жайга көчүрүлөт. Бул кадам шаардагы унаа тыгындарынын алдын алуу, башаламан жайгашкан базарларды иретке келтирүү жана шаар бюджетин толтуруу максатын көздөйт.

Ал эми буга чейин ачылган чакан муниципалдык базар кытайлык инвесторлор менен биргеликте электр автоунааларын чыгаруучу завод болуп, мындагы соодагерлерге да жаңы базардан соода жайлары бериле тургандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, "Телтору" атмайданы башка аймакка көчүрүлүп, заманбап атмайдан курулат.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү