"Биздин айымдар": Бишкекте айымдарга арналган ири иш-чара өтөт
“Биздин айымдар” коомдук кыймылы 1-март күнү “Шератон” мейманканасында аялдардын эл аралык күнүнө арналган кайрымдуулук жолугушуусун уюштуруп жатат. Иш-чарада ар кайсы тармактын лидер аялдары сөз сүйлөп, тажрыйба алмашып, бейформал баарлашып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.
Иш-чарага коомдук ишмер жана ишкерлик менен алектенген жүздөгөн аялдардын катышуусу күтүлүүдө. Аялдарга, студенттерге жана мүмкүнчүлүгү чектелген айымдарга 100 кайрымдуулук орун берилет.
Чогулган каражат Кыргызстандагы кризистик борборлордогу балалуу энелерди колдоого жумшалат.
Датасы: 1-март, 2024-жыл
Өтүүчү жайы: “Sheraton”
Башталышы: 18:00
Сурап-билүү телефону: +996 775 774 420
WhatsApp: +996 550 802 202