Женева институту каржылаган магистрдик программага арыз берүү башталды
Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Армения, Азербайжан жана Грузиянын жарандарын эл аралык мамилелер боюнча Женева институту тарабынан каржыланган магистрдик программага чакырабыз. Сынактан өткөндөр билим стипендиясын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Өнүктүрүүнүн саясаты жана практикасы боюнча Аткаруучулук программага арыз берүү үчүн бул шилтемеге кириңиз https://www.graduateinstitute.ch/dpp.
80ден ашык өлкөнүн 200 миңден ашуун бүтүрүүчүсүн бириктирген биздин коомчулукка кошулуңуз! Алардын арасында 110 улуттук өкүлдөрү Executive Education-i жана DPP-i программаларынын бүтүрүүчүлөрү.
Программа өнүктүрүүнүн актуалдуу көйгөйлөрүн иликтейт жана сизге инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Сиз программа менен таанышуу үчүн директор Александр Дормие Фрер жана программанын бүтүрүүчүсү, Грузиядагы Ворлд Вижндин директору Екатерина Гургенадзе менен атайын видеону көрсөңүз болот: www.youtu.be/xDcX2lybZc4.
Өнүктүрүүнүн саясаты жана практикасы боюнча Аткаруучулук программа кесипкөйлөрдү түрдүү тармакта өнүктүрүүнү көздөйт. Окутуунун биринчи баскычы Бишкекте, Борбордук Азиядагы Америка университетинде болот. Экинчи баскычы онлайн болсо, ал эми жыйынтыктоочу модулу Женевада өтөт.
Арыздар 2024-жылдын 15-мартына чейин кабыл алынат.
The Graduate Institute Geneva - Executive Education менен биргеликте Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча швейцариялык агенттик тарабынан каржыланат.
Бул жерден катталыңыз: ee.graduateinstitute.ch/dpp2024