ORO EXPO: Дүйнөлүк зер бренддеринин өкүлдөрү көргөзмө тууралуу

Бишкекте “ОRO JEWELRY EXPO – 2023” зер жасалгалардын экинчи эл аралык көргөзмөсү өтүп жатат. Ага Careera & Careera, Grant Jewelry, Delta Diamonds, Maxim Demidov, Sanis, Kabarovsky жана башка дүйнөлүк бренддердин зер жасалгалары өз баасында коюлду.

“Sanis Jewelry” зер компаниясынын сатуу бөлүмүнүн башчысы Алис бренд жана көргөзмө тууралуу ой бөлүштү.

Санис” заводу 31 жылдык тарыхы бар бренд. Россиянын ири заводдорунун ондугуна киребиз. Негизинен, премиум сапаттагы француз фианити коюлган алтын жасалгаларды өндүрөбүз. Сары, ак жана кызыл алтын менен иштейбиз. “Санис” толук циклдеги завод. Сүрөтчүлөр бөлүмүнөн баштап, текшерүү бөлүмүнө чейин ишке коюлган. Биз эң биринчи сапатка көңүл бурабыз”, - дейт Алис.

Аталган заводдун зер жасалгалары Россия жана Казакстанда сатылат.

“Биздин буюмдар Россиянын бардык шаарларында бар. Андан сырткары, Казакстан менен тыгыз иштешебиз. Эми Кыргызстандын рыногуна да чыгууга аракет кылып жатабыз. “ORO EXPO” башталгандан эки күн ичинде сурагандар көп болду. Суроо-талап бар экенин түшүндүк. Мындан ары кызматташабыз деген зор үмүтүбүз бар.

“ORO EXPO - 2023” көргөзмөсү жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Бул жерде абдан уникалдуу зер жасалгалар көрсөтүлүп жатат. Андан сырткары, бул иш-чара ЖМКда жана социалдык тармактарда абдан жакшы чагылдырылып жатат”, - дейт “Санис” компаниясынын өкүлү.

“Delta” зер заводу көргөзмөгө үчүнчү жолу катышып жатат. Компания бриллиант, рубин, сапфир жана зымырыттарды көрсөтүп жатат.

“Биздин завод 15 жылдан бери зер жасалгалар рыногунда иштеп келет. “Delta” чыгарган зер жасалгалардын көлөмү боюнча Россияда үчүнчү тепкичте. Биз Кыргызстандын рыногуна “ORO” компаниясы аркылуу чыктык. Кыргызстандыктар биздин брендди абдан баалашат, жакшы көрүшөт. “Дельтанын” негизги артыкчылыгы – анын жогорку сапаты”, - дейт Анна.

Көргөзмөгө Тибеттин сыйкырдуу таштары да коюлган. Парапсихолог Евгения дзи ташынын касиети тууралуу айтып берди.

“Бул таштарды Тибеттеги монахтар топтогон. Дзи ташы коргоочу касиетке ээ жана адамдын энергетикасын тазалайт. Өзүм 12 жылдан бери дзи ташы боюнча консультант болуп иштеп келем.

“ORO EXPO - 2023” көргөзмөсүнө келгендердин баары зер жасалгалар, асыл таштар боюнча түшүнүгү тереңдиги абдан кубандырат”, - дейт Евгения.

Эскерте кетсек, көргөзмө 13-декабрга чейин болот. Убактысы: ар күнү саат 10:00 – 22:00 чейин. Кирүү акысыз.

Дареги: Бишкек шаары, “Орион” мейманканасы, Эркиндик бульвары, 21  

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү