ORO EXPO: Maxim Demidov зер жасалгалар үйү Бишкекте

Бишкекте 9-декабрь күнү “Орион” мейманканасында “ОRO JEWELRY EXPO” экинчи эл аралык көргөзмөсү ачылат. Аны утурлай иш-чарага катышып жаткан “Maxim Demidov” зер жасалгалар үйүнүн VIP бөлүмүнүн жетекчиси Дмитрий Демильченко менен жолуктук.

- Дмитрий, Maxim Demidov” бренди тууралуу айтып берсеңиз?

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйүнүн 20 жылдык тарыхы бар. Биздин өндүрүш Россияда, Екатеринбургда жана Уралда жайгашкан. Биздин бренддин негиздөөчүсү – Максим Васильевич Демидов. Ал кесипкөй геммолог, асыл таштарды коллекциялаган адис. Максим Васильевич таштарды жакшы түшүнөт жана аларга болгон чексиз сүйүүсүн компанияга жана кызматкерлерге сиңире алган. “Maxim Demidov” зергер үйүндө дүйнөнүн төрт бурчунан алынып келген асыл жана баалуу таштардын уникалдуу коллекциясы бар. Бул Россия боюнча мыкты коллекция саналат. Биз ар адамды таң калтырган, кардарлардын статусун жана ишенимин бекемдей турган таштарды тандайбыз. Мисалы, Параиба турмалини же зымырыт кайсы мезгил болбосун, жакшы инвестиция болуп кала берет. Себеби булар жылдан-жылга кымбаттай бере турган таштар. 

- Кайсы өлкөлөрдөн кайсы таштарды алып келесиздер?

- Жогоруда айтканымдай, зер жасалгаларды жасоо үчүн асыл таштарды ар кайсы өлкөлөрдөн, түрдүү континенттерден тандап алганга аракет кылабыз. Мисалы, зымырыт. Биздин коллекцияларыбызда Урал зымырыттарынан (Малышевский кенинен) тышкары Замбия, Бразилия, Колумбиядан келген таштар бар. Биздин зер буюмдар 750чи жогорку пробадагы алтындан жасалат. Бишкекте 9-15-декабрда өтө турган көргөзмөгө сейрек кездешүүчү – Мексиканын опалы, Бразилиянын лаванда аметисти, Кытай берметтери, Австралия опал арлекини коюлат. Булар чындап эле дүйнөнүн эң асыл жана жарым асыл таштары. 

- Зер жасалгалардын жасалуу жолдору жөнүндө айтып берсеңиз?

- Кандай жасалга болбосун, тарыхы таштан башталат. Анын касиеттерине карап сүрөтчү жана дизайнер анын моделин иштеп чыгат. Ар бир зер буюмдун 3D модели түзүлгөндөн кийин тиешелүү адистердин сынынан өтөт. Ийне-жибине чейин каралып, бир чечимге келгенден кийин гана жасалга ишке берилет. Баары жеке жана колдо жасалат. Компаниянын зергерлери, сүрөтчүлөрү жана дизайнерлери ар бир ташка өзгөчө көркөмдүк берип, асыл буюмдарды дитин коюп жасашат. Ырас, айрым жасалгалар кайталанышы мүмкүн, бирок баары бир ташы өзгөчө болуп кала берет. Биздин компания сапатка абдан көңүл бөлөт: ар бир жасалга алгач заводдо, андан кийин кеңседе кылдат текшерүүдөн өтөт.

“Maxim Demidov” бардык зер жасалгаларга бүт өмүрлүк кепилдик бере алат. Бул абдан маанилүү. Биз өндүрүүчү компаниябыз – жасалганын өлчөмүн өзгөртүп же оңдоо биз үчүн кыйын эмес. Муну анча-мынча компаниялар кыла албайт.

- Зер жасалгаларды кайсы өлкөлөрдө сатып алууга болот?

- “Maxim Demidov” зер үйү - эл аралык компания. Биздин зер буюмдарды Израиль, АКШ, Белорусcия, Казакстан, Армениядан сатып алышат. Кыргызстандан дагы күйөрмандарыбызды табабыз деп ишенем. Көргөзмөгө катышып жатканыма абдан кубанычтамын. Жаңы жыл майрамынын алдынан мындай саамалыктын болуп жатканы абдан маанилүү. Анткени, бул уникалдуу белектерди сатып алууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү