“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын калыптандыруу долбоорун баштады

Бишкекте эко-директорлор жолугуп, “Green Office” жашыл кеңсе  концепциясын презентациялады. Green Office – бул кеңселерде таштандыны иргөө маданиятын калыптандыруу кызматы. Бул долбоор Казакстандын 200дөн ашык ишканаларында ийгиликтүү ишке ашырылган. Ал эми долбоорду Кыргызстанда ишке ашырууну “Эко Деми” коомдук фонду колго алды.  

“Green Office” жашыл кеңсенин концепциясы:

- кызматкерлерди таштандыны иргеп, өзүнчө чогултуу принциптерине үйрөтүү;

- чогултуу жараянын үзгүлтүксүз мониторинг кылуу;

- компаниянын кеңсесинде атайын челектерди орнотуу;

- чогулган таштандыны кайра иштетүүгө жиберүү;

- чогулган таштанды жана анын экологиялык пайдасы https://econetwork.green/ сайтында көрсөтүлүп турат;

- долбоордун катышуучуларынын иш-аракети фонддун социалдык баракчаларында чагылдырылып турат.

ECO Network – тематикалык иш-чараларды өткөрүп, таштанды чогултуу маданиятын жайылтууга багытталган компания. Ал так регламенттүү (Жашыл кеңсе, Жашыл мектеп, Жашыл шаар) тейлөө кызматы. Учурда тутумда 10 шаар, 100дөн ашык мекеме жана 35 миңден ашык кызматкер бар. Кызмат атайын портал, Инстаграм жана Телеграм-канал сыяктуу онлайн ресурстарга ээ. 

“ECO Network” компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Мухамеджанов бул долбоор Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашуусуна ишеничин билдирди:

“Долбоор 5 жыл мурда ишке кирген. Учурда Казакстанда жемиштүү иштеп жатат. Анын максаты – бизнес өкүлдөрүн экологиялык нукка багыттоо. Бул тутумду Кыргызстанда киргизүүнү “Эко Деми” коомдук фонду колго алып жатат. Атайын окуудан өттү.

Долбоордун катышуучулары аткарылып жаткан бардык жумушту атайын сайттан онлайн көрүп тура алышат. Эми бул портал эки өлкөгө: Казакстан жана Кыргызстанга иштей баштайт”.

Евгений Мухамеджанов акыркы учурда бул долбоорго мамлекеттик ишканалардын кызыгуусу артып жатканын айтат:

“Жашыл кеңсе долбоору көбүнчө жеке секторго иштейт. Тактап айтсам, 90 пайыз – бизнес, калган 10 пайызы – мамлекеттик мекемелер менен мектептер. Акыркы учурда мамлекеттик ишканалардын кызыгуусу артып жатат”.

Ал эми бул долбоорду Кыргызстанда “Эко Деми” коомдук фонду ишке ашырмай болду. Аталган фонд 2014-жылдан бери экологиялык долбоорлор менен иштеп келет. Ал дүйнөлүк масштабдагы иш-чараларга катышып, өлкөнү таштадыдан тазалоо боюнча ийгиликтүү иш алып барууда.

“Эко Деми” коомдук фондунун жетекчиси Айжан Чыныбаева климаттык өзгөрүүлөр болуп жаткан мезгилде бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи:

“Биз бул долбоордун алкагында бизнес мекемелерде таштандыны иргеп чогултуу, сууну жана электр энергиясын үнөмдөө боюнча окутууларды жүргүзөбүз. Климат өзгөрүп жаткан мезгилде бул абдан маанилүү. Биз ресурстарды сарамжал пайдаланууга милдеттүүбүз. “Эко Деми” коомдук фонду 10 жылдан ашык убактан бери экологиялык билим боюнча иштеп келет. Бул долбоор биздин эл аралык кызматташуудагы кийинки этап эсептелет”.

Учурда Кыргызстанда таштандыны өзүнчө чогултуу маданияты канааттандырарлык эмес. Аны иргөө жана кайра иштетүү маселеси курч бойдон калууда. Көйгөйдү чечүүнүн эң натыйжалуу жолу – таштандыны иргөө. Анткени, таштанды экологиялык көйгөйлөрдүн өзөгүн түзөт.

Маалымат үчүн:

Жерге көмүлгөн желим 450 жылда чирип жок болот. Ал эми желим бөтөлкөнү коюп койсоңуз, 2 миң 397 жылга чейин калыбынан бузулбай тура берет. Кыргызстанда 1 млн 180 миң ГМО иштелип чыкса, аны 21%ын пластик каражаттар түзөт.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү