Мекенге кызмат: Ахрор Иминовдун өмүр баяны
Ишкер, грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов 1987-жылы 14-июнда Ош шаарында туулган. Ал Ош шаарындагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназияда, Англиядагы "Ньюкасл" университетинде "Бизнес жана менеджмент" факультетинде, Кыргызстандагы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында окуган. Эл аралык фонд биржасында онлайн-брокер болуп иштеген.
2018-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти кызматын аркалап келет. 2019-жылы октябрда «Кыргыз Республикасындагы чет элдик студенттердин союзу» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болгон.
2020-жылы «Кыргызстан» партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн. Ошондой эле Ахрор Иминов спорт тармагындагы көп иштерге демөөрчүлүк көрсөтүп, жардамын аябай келген.
2020-жылы "OGOGO Group" жоопкерчилиги чектелген коомун жана 2021- жылы "Маалымат технологияларын өнүктүрүү фонду" коомдук фондун негиздеген.