Нарында "Өнөр жай аймагы" инвесторлор үчүн эшигин ачты

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагында республикада биринчилерден болуп “Өнөр жай аймагы” инвесторлор үчүн эшигин ачты. Бул тууралуу президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, өнөр жай аймагы кечээ, 10-октябрда инвестициялык форумдун алкагында ачылган. Анын аянты 20 гектарды түзгөн

"Бул жер аянты Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан айыл чарба багытынан өнөр жай категориясына которулган. Эл аралык маанидеги Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун боюнда жайгашкан", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, трансформатор коюлган, коммуникациясы даяр. Жер астынан чыккан артезиан суусу бар. Жакында түтүктөр менен тартылып келинет. Завод, фабрикаларды курабыз деген инвесторлорго абдан ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Экономикабызды, өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүп берүү учур талабы. Бул максатта КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы, облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун аракети менен Нарын облусунун ар бир районунда “Өнөр жай аймактарын” уюштуруу боюнча иштер алып барылып жатат.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн аппаратынын Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгын башчысы Шабдан Абдырайым уулу билдиргендей, учурда Нарын районундагы “Өнөр жай аймагына” сүлгү жана кафель чыгарган цехтерди ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Буюрса жазга чейин жок дегенде 3-5 инвестор ишкана курат деген ишенич бар.

Нарын районундагы “Өнөр жай аймагына” келип, инвестиция салып, ишканаларды ачабыз деген ишкерлерге эшик ачык. Суроо-талап болсо келечекте өнөр жай тилкесин дагы 20 гектарга кеңейтип берүү пландалууда.

Көп окулду

Бишкектеги №88 мектеп төрт тонна таштанды иргеп, сыйлык алды

“Каганат Арена”: Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

“Эко Деми” таштанды иргөө маданиятын мектептерде жайылтат

БААУнун командасы Казакстанда өткөн сынакта жеңүүчү аталды

Президент энергетикадагы көйгөйлөр тууралуу маек берди

“Биздин айымдар”: Бишкекте кайрымдуулук форуму өттү

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Президентти БАЭге кимдер коштоп кетти - тизме

Бакыт Төрөбаев Исфайрамдагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты

Эртең Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү башталат - кирүү акысыз

“Исфайрам-1” кичи ГЭСинин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат

Аксы районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди

Чөп үстүндөгү хоккей боюнча Кыргызстандын алгачкы биринчилиги өттү