Энергетика
Ош шаарынын мэринин демилгеси менен Ак-Буура суусуна кичи ГЭС курулат
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун демилгеси менен Ак-Буура суусунун нугуна кичи ГЭС курулмай болду. Учурда Кыргызстанда чакан жана орто ГЭСтерди куруу активдүү уланууда. Энергетика тармагында бул багытта иш алып барып, долбоорлорду ишке ашырууга артыкчылык берилип жатат.
Эскерте кетсек, бүгүн Жетигенов Ош шаарына караштуу Озгур айылындагы кичи ГЭСтин иши менен таанышты.